Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:28

Ошто кайненесин өлтүрүп, аялын уруп-сабоого шектүү тургун кармалды


Ош облустук ички иштер башкармалыгы.
Ош облустук ички иштер башкармалыгы.

Ош облустук милициясы Кара-Суу районунда бир жаран кайын энесин өлтүрүүгө, аялын уруп-сабоого шектелип кармалганын билдирди. Окуя боюнча 20-июнда Кара-Суу райондук милициясына маалымат келип түшкөн.

"Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган кезде Мады айыл аймагынын тургуну үйүндө аялы менен кайын энесин учтуу нерсе менен сайганы, натыйжада аялы денесинен жараат алып ооруканага жеткирилгени, ал эми кайын энеси окуя болгон жерде каза болгондугу маалым болгон", - деп жазылган маалыматта.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталды.

Кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 34 жаштагы тургуну К.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда былтыр 17 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылга салыштырганда 32,1% көп.

Башкы прокуратура Кыргызстанда 2,5 жылда 34 аял үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепетинен мерт болгонун кабарлаган. Маалыматка караганда, тогуз окуя 2024-жылдын алты айында катталса, 2023-жылы 18, 2022-жылы жети аял зомбулуктун курмандыгы болгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG