Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:16

Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановскаянын күйөөсү абактан бошотулду


Сергей Тихановский жубайы Светлана Тихановская менен. 2025-жылдын 21-июну.
Сергей Тихановский жубайы Светлана Тихановская менен. 2025-жылдын 21-июну.

Беларус саясатчысы, оппозиция лидери Светлана Тихановскаянын күйөөсү Сергей Тихановский абактан бошотулду. Мындай чечим АКШ президентинин атайын чабарманы Кит Келлогдун Минскиге сапарынан соң ишке ашты.

Жалпысынан Беларус абагынан саясий негиз менен соттолгон 14 адам бошотулду.

Алардын арасында “Азаттыктын” беларус кызматынын мурдагы журналисти Игорь Карней да бар.

Абактан бошотулгандар Вильнюска жеткирилгенин Келлогдун орун басары Жон Коул билдирди. Ал эркиндикке чыккан саясий туткундарга бүгүнкү чечим күтүүсүз болгонун да кошумчалады.

Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская күйөөсү менен жолуккан видеону жүктөп, кубанычына чек жок экенин соцтармакка жазды.

Популярдуу блогер, Ютубдагы "Жашоо үчүн мамлекет" долбоорунун негиздөөчүсү Сергей Тихановский жапырт башаламандык уюштуруу, кастыкты козутуу, Боршайкомдун ишине тоскоолдук жаратуу деген айыптардын негизинде кармалган.

2021-жылдын соңунда 18 жылга эркинен ажыратылган. Атайын кызмат аны "террордук ишмердикке тиешеси бар" адамдардын тизмесине кошкон.

Быйыл февралда Тихановский жаза аткаруу кызматынын жетекчилигинин талаптарына баш ийбегени үчүн кошумча 1,5 жылга кесилген.

Светлана Тихановская 2020-жылдагы президенттик шайлоодо Александр Лукашенкого каршы өз талапкерлигин койгон. Көз каранды эмес адистердин эсебинде шайлоодо Тихановская реалдуу жеңүүчү болуп чыккан. Ал шайлоодон көп өтпөй өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Ага каршы бир катар айыптар боюнча кылмыш иши козголуп, сыртынан 15 жылга кесилген.

Шерине

XS
SM
MD
LG