Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:46

Ооган президенти Пакистанды саясатын өзгөртүүгө үндөдү


Ооган президенти​ Ашраф Гани
Ооган президенти​ Ашраф Гани

Ооган президенти АКШнын Ооганстан жана Түштүк Азия боюнча жаңы стратегиясын кубаттап, Пакистанды коңшусуна карата саясатын өзгөртүүгө чакырды. Ашраф Гани 23-августтагы элге кайрылуусунда Ооганстандагы туруксуздук эч кимге пайда алып келбестигин, Американын жаңы планында эки тараптын тең кызыкчылыгы эске алынганын айтты:

“Мен президент Трамп жана анын администрациясына рахмат айтам. Узакка созулган талкуудан кийин алар биздин кызыкчылыгыбыз жана коопсуздугубуз сактала турган стратегияны иштеп чыгышты. Ооганстан дүйнө коопсуздугунун биринчи бастиону экенин унутпайлы”,-деди ооган президенти.

Ал Пакистан мурдагы ыкмаларынан баш тартышы керектигин, ооган өкмөтү расмий Исламабад менен жакшы мамиледе болууну кааларын кошумчалады.

21-августта АКШ президенти Дональд Трамп да жаңы стратегиясын жарыялап жатып, Исламабадды экстремисттик топторго баш калка берип жатат деп айыптаган. Пакистан мындай айыптарды четке кагып келет.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG