Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:22

Трамп Ирандын өзөктүк жайларына сокку урулганын жар салды


АКШнын президенти Дональд Трамп аскердик учактар 2025-жылдын 21-июнунда Ирандагы ядролук объекттерге сокку ургандан кийин Ак үйдөн элге кайрылуу жасады.
АКШнын президенти Дональд Трамп аскердик учактар 2025-жылдын 21-июнунда Ирандагы ядролук объекттерге сокку ургандан кийин Ак үйдөн элге кайрылуу жасады.

АКШ армиясы ишембиге караган түнү Ирандын үч өзөктүк объектин аткылады. Иран менен Израилдин жаңжалына АКШнын аралашканы Жакынкы Чыгышта чоң согуш чыгып кетиши мүмкүн деген кооптонууну күчөттү.

АКШнын президенти бул чабуулду "аскерий ийгилик" катары сыпаттады.

Трамп кыргын салуучу учактардын Фордо, Натанз жана Эсфахан шаарларындагы өзөктүк объекттерге сокку урганын Иранды сүйлөшүү үстөлүнө кайтаруу катары түшүндүрдү.

"Алардын бул кооптуу ишканаларды куруп жатканын ондогон жылдар бою угуп келдик", - деди Трамп элге Ак үйдөн кайрылганда.

"Биздин максат - террорчулукка колдоо көрсөткөн мамлекеттен келген өзөктүк коркунучка чекит коюу".

Трамп ага чейин Иранга каршы сокку уруп жаткан Израилге АКШ колдоо көрсөтүшү мүмкүнбү же жокпу деген суроого ачык жооп бербей, "чечим эки жума ичинде кабыл алынарын” гана билдирген.

22-июнда Бишкек убактысы боюнча таңга маал Трамп атайын билдирүү жасады. Анда ал кыргын салуучу учактар Ирандын негизги уран байытуучу объекттерин “жер менен жексен” кылганын билдирди.

"Жакынкы Чыгыштагы баш кесер Иран эми ийге келиши керек. Ага көнбөсө, кийинки чабуул мындан да кооптуу жана оңой болот".

Трамп билдирүү жасап жатканда жанында вице-президент Жей Ди Вэнс, мамлекеттик катчы Марко Рубио жана коргоо министри Пит Хегсет турду.

"Ирандын келечеги - же тынчтык, же трагедия", - деди президент. Трамп муну менен катар Иранда дагы көптөгөн өзөктүк объекттер барын белгиледи.

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи X социалдык тармагына "бул чабуулдар - акылга сыйбас иш" экенин жазып, соккунун кесепети оор болорун эскертти.

"БУУнун ар бир мүчөсү мындай кооптуу, мыйзамсыз жана кылмыштуу жүрүм-турумга тынчсызданышы керек", - деп айтты Аракчи. Ал Иран "эгемендигин, кызыкчылыгын жана элин коргоо үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн сактап каларын" белгиледи.

БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

"Бул жаңжал көзөмөлдөн чыгып кетүү алдында жана анын жарандар, чөлкөм жана дүйнө үчүн кыйратуучу кесепеттери болушу мүмкүн", — деди Гутерриш.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху бул чабуулду Жакынкы Чыгышка тынчтык орното турган "тарыхый учур" деп атап, Трампты куттуктады.

"Куттуктайм, президент Трамп! Ирандын өзөктүк объекттерине сиздин тайбас чечимиңиздин арты менен таңкалычтуу жана акыйкат соккунун урулганы тарыхты өзгөртөт", - деди Нетаньяху.

"Президент Трамп экөөбүз көп айтабыз, тынчтык күч көрсөтүү жолу менен келет. Адегенде күч, анан тынчтык", - деп кошумчалады ал.

АКШ сенатору Линдси Грэм (Түштүк Каролина, Республикачы) дагы бул чабуулдарды колдоду.

"Туура чечим. Жакшы иш, президент Трамп", - деп жазды Грэм X социалдык тармагында.

Иранга сокку уруу Трамп үчүн саясий жактан опурталдуу болушу мүмкүн. Анын өткөн жылы президенттик шайлоодо "АКШны чет элдик жаңжалдардан алыс кармайм" деп убада берген.

Мурдараак “Американын улуу даңкын кайтаруу” кыймылынын айрым мүчөлөрү АКШ армиясын Иранга сокку урууга аралаштырбоону суранган.

"Фордо тыптыйпыл болду"

Салмагы 13 тонналык (13500 килограмм) “бункер талкалай турган” бомбаларды көтөргөн B-2 кыргын салуучу учактары 21-июнда АКШдан учуп чыгып, Тынч океанынын үстү менен Жакынкы Чыгышка бет алган.

АКШ жана Израилдин өкүлдөрү буга чейин билдиргендей, Ирандын жер алдындагы өзөктүк объекттерине сокку ургандай кудретке азырынча Америка гана ээ.

Сокку урулгандан кийин Трамп социалдык тармактагы баракчасына “Фордо жок кылынды" деп жазды.

"Фордого душман сокку урганын" Ирандын Кум провинциясынын өкүлү да ырастады.

Бирок Ирандын мамлекеттик телеканалы мунун арзыбаган чабуул катары көрсөтүп, үч объекттеги өзөктүк материалдар сокку урулганга чейин эле коопсуз жакка чыгарылганын кабарлады.

Иран парламентинин төрагасынын жогорку кеңешчиси Мехди Мохаммади мындай деди:

“Фордого чабуул болору мурда эле күтүлүп жаткан. Бул объект эвакуацияланган жана орду толгус зыян тарткан жок. Эки нерсе анык: биринчиден, билимди бомба кыйрата албайт. Экинчиден, кумарчы дайыма утулат”, - деп жазды ал X тармагында.

Ирандын атомдук энергия боюнча уюму Фордо, Натанз жана Эсфахан шаарларындагы өзөктүк объекттер “душман тарабынан” чабуулга кабылганын ырастады.

Алар бул соккуларды "жапайычылык" деп баалап, эл аралык укуктун бузулушу катары айыпташты:

“Биз улуттук өнөр жайыбыздын токтотулушуна эч качан жол бербейбиз”.

Ирандын өзөктүк көзөмөл агенттиги бутага алынган ядролук объекттердин айланасында жашаган тургундарга эч кандай коркунуч келбегенин билдирди.

Ал арада Тегеран Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешин чукул жыйынга чакырганы белгилүү болду.

“Эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо үчүн, Иран Ислам Республикасы БУУнун Коопсуздук Кеңешинин милдеттерине ылайык, АКШнын бул ачык жана мыйзамсыз агрессиясын дароо карап чыгуу, аны катуу айыптоо жана бардык зарыл чараларды көрүү үчүн чукул жыйын өткөрүүнү талап кылат", - деди Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлү Саид Иравани социалдык медиадагы билдирүүсүндө.

Сауд Арабиясынын көзөмөл органы соккудан улам падышалыктын же Перс булуңундагы башка мамлекеттердин аймагынан радиоактивдүү издер табылбаганын билдирди.

Израил менен Иран бири-бирине тынымсыз сокку урууда. Бул аба чабуулдары 13-июнда Израилдин Иранга соккусунан кийин башталган, анда Израил Тегеран өзөктүк курал чыгарууга жакындап калганын билдирген.

Иран ядролук программасы атомдук бомба жасоого багытталбаганын белгилеп келет.

АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин мурдагы мүчөсү Бретт Макгерк бул чабуул үчүн колдонулган GBU-57 үлгүсүндөгү MOP (Massive Ordnance Penetrator) "жапырт кыйратуучу" же "бункер талкалоочу бомба" тууралуу буларды айтты:

“Бомба аскер тарыхында биринчи жолу колдонулуп жатат”, - деди ал, анткени бомба жер астында катылган ушундай жайларды талкалоо үчүн иштелип чыккан".

CNN телеканалына курган маегинде ал операциянын максаты үч ядролук объектти бутага алуу экенин жана бул режимди алмаштыруу аракетин билдирбесин белгиледи.

“Бул аракеттер ядролук объекттерге гана байланыштуу. Чоң операция эмес. Ушул жерден токтошу мүмкүн”.

АКШнын мурдагы жогорку даражалуу дипломаты жана тышкы байланыштар кеңешинин мурдагы президенти Ричард Хаасс Трамп бул соккуларды эмнеге ушул маалда колдогону кызык экенин айтты:

“Дипломатияга ишенимин жоготтубу? Иран өзөктүк жабдууларды башка жакка жылдырганы үчүнбү? Же "эки жумалык тыныгуу" мурдатан ойлонулган саясий амал беле? Эгер акыркысы болсо, анда бул америкалык дипломатияны дискредитация кылды”, - деп жазды Хаасс X социалдык тармагындагы баракчасына.

Ирандын президенти Масуд Пезешкиан 21-июнда Иран өзүнүн ядролук программасын “эч кандай шартта” токтотпой турганын белгиледи.

Бул өлкөнүн тышкы иштер министри Аббас Аракчи АКШнын бул ишке аралашканы "дүйнө үчүн кооптуу" экенин белгиледи.

Аракчи Түркияда өтүп жаткан Ислам кызматташтык уюмунун жыйынында сүйлөп жатып, Иран диалогдон качпай турганын белгилеген. Бирок "Израил чабуулдарын улантып жатканда, Тегеран АКШ менен сүйлөшүүгө кызыкдар эместигин" айткан.

Ирандын расмий IRNA агенттигинин маалыматында, Ирандын президенти Пезешкиан Франциянын президенти Эммануэл Макрон менен телефондон сүйлөшкөн.

"Иран тынчтык максатында өзөктүк ишмердүүлүк жаатында ишенимди бекемдөө үчүн сүйлөшүүгө жана кызматташууга даяр. Бирок биз өзөктүк ишмердүүлүгүбүздү жокко чыгарууга макул эмеспиз", - деген Пезешкиан.

Reuters агенттиги АКШнын Ирандын өзөктүк жайларына сокку ургандан кийин Израилдин борбордук райондорунда жарылуулардын добушу угулганын жергиликтүү тургундарга таянып жазды.

Ага чейин Израил армиясы ЦАХАЛ Тегеран Израилге ракеталык сокку урганын билдирген.

Израилдин 9-каналы 25-35тей ракета атылганын жана алардын сыныктары ондой аймакка түшкөнүн кабарлады. Канал чыгарган видеодо кыйраган турак жайлардын чаңы сапырылып жатканын көрүүгө болот.

Алдын ала маалыматтарда жеңил жараат алгандар бар.

Хуситтердин саясий бюросунун мүчөсү Мохаммед аль-Бухейти Al Jazeera каналына курган маегинде “АКШга жооп – убакыттын маселеси” деп айтканын израилдик Ynet басылмасы жазды.

“Бизге же кайсы бир ислам өлкөсүнө каршы жасалган бардык агрессияга жооп беребиз. Араб жана ислам элдери чукул аракет көрүүгө тийиш, себеби АКШ жалпы Жакынкы Чыгышты өзгөрткүсү келип жатат. Иран бизди согушка катышууга чакырган жок жана биз алар бизди чакырганын күтүп отурбайбыз”, - деди Мохаммед аль-Бухейти.

Шерине

XS
SM
MD
LG