Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:31

БУУнун баш катчысы АКШнын Иранга сокку урганын “кооптуу эскалация” деп атады


Антониу Гутерриш.
Антониу Гутерриш.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш АКШнын Ирандын өзөктүк объектилерине сокку урганын “кооптуу эскалация” деп билдирди.

Анын пикиринде, учурда “чыр-чатак тез арада көзөмөлдөн чыгып кетип, жайкын тургундарга, аймакка жана жалпы дүйнөгө оор кесепеттерди алып келиши мүмкүн болгон тобокелдик өсүп жатат”.

“Бул кооптуу учурда башаламандык айлампасына түшүп кетүүдөн сактануу өтө маанилүү. Аскердик чечим жок. Жалгыз жол – дипломатия. Жалгыз үмүт – тынчтык",-деп жазды Гутерреш Х социалдык тармагындагы баракчасына.

Мунун алдында АКШ Ирандын үч өзөктүк объектисине – Фордо, Натанз жана Исфаханга сокку урганын Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп билдирген.

Axios басылмасы булактарына таянып жазгандай, АКШ Иранга сокку урууга камынып жатканын Израилге алдын ала билдирген. Израилдик жогорку кызмат адамы басылмага бул соккулар үчүн B-2 бомбалоочу учактары колдонулганын айткан.

Ирандын расмий өкүлдөрү да абадан сокку урулганын ырастаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG