Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:11

NBC News: АКШ Ирандын ыктымал жооптук соккуларына даярдык көрүүдө


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Ирандын ыктымал жооптук соккусуна даярдык көрүүдө. Алдыдагы 48 саат өзгөчө тынчсызданууну жаратып жатканын NBC News каналына Пентагон жана Ак үйдөгү булактар билдирген.

Иран өзөктүк инфраструктурасына жасаган соккуларына жооп катары АКШнын чет өлкөлөрдөгү объектилерин бутага алары, же өз аймагындагы объекттерге урары, же эки багытта тең чабуул жасайбы белгисиз.

АКШнын чет өлкөлөрдөгү аскердик базалары бир нече айдан бери жогорку согуштук даярдыкта турат. Бирок Ак үйдөгү булак билдиргендей, 13-июнда Израил Иранга каршы согуштук аракеттерди баштагандан кийин дүрбөлөң күчөгөн.

Ал арада Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи АКШ тынч өзөктүк программага кол салуу менен эл аралык укукту жана өзөктүк куралды жайылтпоо режимин одоно бузганын айтып чыкты.

“Бүгүн эртең менен болгон окуялар абдан нааразы кылды жана мунун узак мөөнөттүү кесепети болот. БУУнун бардык мүчөсү мындай кооптуу, мыйзамсыз жана кылмыштуу жүрүм-турум үчүн тынчсызданууга тийиш”, - деп жазды ал Х социалдык түйүнүнө.

Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлү уюмдун Коопсуздук Кеңешин чукул жыйынга чакырды.

АКШ президенти Дональд Трамп америкалык аба күчтөрү Ирандагы ири үч өзөктүк объектиге сокку уруп, ал жайларды "толугу менен жок кылганын" 22-июндун таңында билдирди.

Ал “дагы көптөгөн бутага алынчу жер калганын” белгилеп, “эми Иран тынчтык келишимине келиши керектигин” билдирди. Кийинки чабуулдар мындан да катуу болушу ыктымал экенин айтты.

“Фарда” радиосу Ирандын парламентиндеги Кум аймагынын депутаты Мухаммад Манан Раисинин “Фордо өзөктүк объектиси олуттуу зыян тарткан жок, зыянга учураган негизги бөлүгү жер үстүндө болгон жана аны калыбына келтирүүгө болот” деп айтканын жазды.

Reuters агенттиги АКШнын соккуларынан кийин Иран Израилдин борбордук аймактарына ракетадан чабуул койгонун кабарлады.

Шерине

XS
SM
MD
LG