Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:59

ТИМ Кошмо Штаттар виза берүүдө жаңы талаптарды киргизгенин билдирди


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШга F, M, J категорияларындагы студенттик жана алмашуу программалары боюнча миграциялык эмес виза берүүдө жаңы талаптар киргенин билдирди.

18-июндан тартып бул визаларга арыз берген бардык жарандар социалдык тармактардагы аккаунттарынын купуялуулук жөндөөсүн “баарына жеткиликтүү” кылып өзгөртүшү керек. Бул талап АКШнын миграция мыйзамына ылайык, арыз ээсинин өздүгүн тагыраак аныктоо жана анын өлкөгө кирүү укугун текшерүү максатында киргизилүүдө.

Бул эреже F, M жана J категориясындагы визаларга кайрылган талапкерлерге тиешелүү жана ал визаны берүүгө чейин АКШнын консулдук мекемелери тарабынан сөзсүз текшерилет.

“Студенттик виза алып, учурда АКШда окуп жаткан жарандардын визалык режимдин талаптарын жана өлкөдө жүрүү мөөнөтүнүн мыйзамдуулугун так сактоосу өтө маанилүү. Окуу жайдан чыгарылган, студенттик макамдан ажыраган же окууну токтотуу фактылары АКШ тараптан автоматтык түрдө катталып, бул виза жокко чыгарылышына, макамды узартуудан баш тартууга жана башка укуктук кесепеттерге алып келиши мүмкүн”, - деп жазылган ТИМдин билдирүүсүндө.

Буга чейин АКШ 36 мамлекеттин катарында Кыргызстандын жарандарына да өз аймагына кирүүгө тыюу салышы мүмкүн экени тууралуу маалымат жарыяланган. Washington Post гезити 15-июнда Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментиндеги кызматтык катка шилтеме кылып жазган тизмеге Кыргызстан, Египет, Жибути, Камерун, Нигерия, Сирия, Танзания жана башка Африка, Кариб аймагынын жана Тынч океан бассейниндеги өлкөлөр кирген.

14-июнда тизмеге кирген өлкөлөр менен иштеген дипломаттарга мамлекеттик катчы Марко Рубионун колу коюлган кызматтык кат тапшырылган. Анда бул өлкөлөргө Вашингтондун жаңы талаптарын аткарууга 60 күн убакыт берилери жазылган.

Тышкы иштер министрлиги АКШдан бул боюнча расмий билдирүү ала электигин белгилеп, бул тизме кантип түзүлгөнү Кыргызстан үчүн “түшүнүксүз болуп жатканын” 16-июнда билдирген. Мекеме маселени АКШ элчилигинин консулун чакырып талкуулаган.

18-июнда Кыргызстандын АКШдагы элчиси Айбек Молдогазиев Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Жон Марк Поммершайм менен да бул маселелерди сүйлөшкөн.

Шерине

XS
SM
MD
LG